super.kg logo

30дан ашык өлкө Орусиянын Олимпиададан четтетилишин колдоду

 

30дан ашык өлкө орусиялык жана беларустук спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусуна тыюу салууну колдоду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Улуу Британиянын өкмөтүнө шилтеме берүү менен жазды.

АКШ, Франция жана Улуу Британия кол койгон биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, мындай позицияга Орусиянын Украинадагы агрессиясы себеп болгон.

"Орусиялык жана беларустук спортчулар өздөрүнүн мамлекеттери тарабынан түздөн-түз каржыланып жана колдоого алынып жаткандыктан бейтараптыкта ​​таймашуусу канчалык негиздүү деген олуттуу кооптонуулар бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Документте ошондой эле Беларусь менен Орусиянын спортчулары өз өлкөлөрү баштаган согушту токтотуу менен гана эл аралык спорт коомчулугуна кайтып келе ала турганы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: