super.kg logo
  Спорт  

Египеттеги мелдеште бүгүн Айсулуу, Айпери жана Мээрим килемге чыгат

 

Бүгүн, 24-февралда кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Маалымдалгандай, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшөт. Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта болгариялык Юлиана Яневага каршы, Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта германиялык Франци Рейделт менен кармашат.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов жана Раззак Бейшекеев коло медаль уткан.

Александрия шаарында өтүп жаткан турнир 21-февралда башталган. Ал эми 25-февраль күнү жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: