super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда аялдардын зордук-зомбулукка каршы желекчелерди орнотуу акциясы өтүп жатат

 
Өлкөдөгү зордук-зомбулукка кабылган аялдардын саны желекчелер менен берилди
Жалпы желекчелердин саны 19 300дү түзөт
Желекчелер жайгашкан жерге атайын маалымат тактайчалары да орнотулган
Желекчелирдин басымдуу бөлүгүн кызыл түс, уурдалган кыздар түзөт, алардын саны 9800
Бүгүн, 10-декабрда Ош шаарында "Гендердик зордукка каршы 16 активизм күндөрү 2013" кампаниясынын алкагында "Аялдарга жана кыздарга карата болгон согушту токтотолу: аялдардын укуктары - адамдын укуктары" деген желекчелерди орнотуу иш-чарасы өтүүдө. Аталган иш-чара 10-декабрь - Эл аралык адам укуктары күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулар тарабынан 19 300 желекче даярдалган. Бул желекчелер зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдардын санын билдирет. Алардын ичинен  9800 кызыл желекчелер уурдалган кыздардын саны, 2000 ак желекчелер кыздарды уурдоо учурунда сексуалдык зордук-зомбулукка кабылгандар, ал эми 7500 кызгылт көк түстөгү желекчелер үйдөгү зордук-зомбулукка кабылган аялдардын саны болуп саналат. Бул көрсөткүчтөр бир жыл ичиндеги өлкөдөгү аялдардын саны болуп эсептелет. Иш-чара Бишкек феминисттик Скью демилгеси жана БУУнун колдоосу астында өтүп жаткандыгын желекчелерди орнотуу боюнча координатору Айназ Сулайманова билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: