super.kg logo

Өлкө аймагынан оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар кармалды

 

Оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан кармалышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн Орусия Федерациясынын жарандары кармалды.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 4-бөлүмүндө (Каракчылык), 209-беренесинин 2,3-бөлүмдөрүндө (Бандитчилик) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн Орусия Федерациясынын жарандары 1988-жылы туулган А.К. менен 1986-жылы туулган Ч.Ж. кармалышкан.

Экөөнө тең 2016-жылы мамлекеттер жана эл аралык издөө жарыяланган. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун курамында Орусия Федерациясынын Бурятия Республикасынын калк жыш жайгашкан пунктарында жана Улан-Удэ шаарынын аймагында күйүүчү май куюучу жайларга жана дүкөндөргө бир нече жолу каракчылык менен кол салууга айыпталышууда.

Орусиянын укук коргоо органдары эки жаран тең Кытайда же Монголияда туугандарында жашырынып жүрүшү мүмкүн деп болжолдошкон. Бирок экөө тең Кыргызстандын аймагынан табылды.

Азыркы учурда кармалган жарандар камакка алынды. Жакынкы арада аларды экстрадициялоо маселелери чечилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: