super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кыргыздын Индиядагы элчисин кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы бир катар конкреттүү милдеттерди коюп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жакшы саясий диалог түзүлгөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Индия — экономикасы өнүккөн өлкө жана түрдүү продукцияларды сатуу рыногу чоң, андыктан эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Кыргызстанда потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн эске алуу менен элчиге аларды өлкөгө тартуу боюнча дайыма активдүү иш алып барууну тапшырды.

Элчи Бешимов президентке ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле индиялык тарап менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бул кызматтагы пландары тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: