Тажикстандын агрессиясы: Баткенде жалпы 332 турак жай колдонууга берилди
Баткенде жалпы 332 турак жай колдонууга берилди. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө.
Орунбековдун айтымында, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Мындан тышкары ал жергиликтүү тургундардын чек ара, жазгы талаа иштерине жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп берген.
"Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Тажикстан менен дагы чечебиз. Маселе президенттин көзөмөлүндө. Президенттин тапшырмасы менен бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктоодо. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун",- деген Жапаров.
Белгилей кетсек, буга чейин толук салынып бүткөн турак жайларды кошкондо бүгүнкү күндө 332 үй колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 63 Кыргыз жараны каза болуп, 198и түрдүү жаракат алган. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланып, зыянга учураган.
Баткенде 332 турак жай колдонууга берилди


1 |