super.kg logo

Таласта 12 баш жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды

 

Таластан Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 6-декабрга караган түнү ​Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын 2 тургунуна тиешелүү 12 баш жылкы уурдалып, Сатыкей айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Кыргызстан менен Казакстанды бөлүп туруучу чек ара белгисинен Казакстан тарапка өтүп кеткендиги кабарланган.

Аталган факты 2023-жылдын 1-январында Кылмыш жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган.

Кылмышка шектүүлөр 21-февралда колго түшүрүлдү. Алар​ 46 жаштагы Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын ​тургуну Э. уулу М. жана ​ 39 жаштагы Куру-Маймак айылынын ​тургуну​ М.А. экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.02.2023. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куру маймак деген айыл жок сулуу маймак деген бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: