super.kg logo

"Убадасын аткарган эмес". Ноокенде алдамчылыкка шектүү тургун кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу маалымат облустук милиция тарабынан белгилүү болду.

Ага ылайык, Ноокен РИИБине 38 жаштагы Москва шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын октябрь айында Эдик аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 жүз миң рубль карыз акчасын алып берүүнү убадалаганын айткан. Кийин ал 600 жүз миң сом акчасын алып, бирок арыз ээсине “Акча каражатын ала элекмин” деп алдап, акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча 2023-жылдын 23-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында “Эдик” аттуу жарандын өздүгү аныкталган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, 34 жаштагы Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну С.А. экендиги такталган. Ал шектүү катары кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: