Сурабалдиева: "Нурланбек Шакиев мага УКМКнын төрагасынан трибунада кечирим сура деген"
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева төрага Нурланбек Шакиев ага УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевден трибунада кечирим суроо керектигин айтканын билдирди.
Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева журналист Майраш Базлакунованын ютуб каналына берген маегинде билдиргендей, ал төраганын сунушуна көнгөн эмес.
"Парламенттин төрагасы мени чакыртып, "УКМКнын жетекчисинен трибунада кечирим сураңыз" деди. Мен парламентке аткаруу бийлигинде иштегендерден кечирим суроо үчүн барган эмесмин да. Эл мени "Канчалык намыстуу, кайраттуусуң, акыйкат үчүн туруп бересиңби?" деп шайлаган. Шайлоо учурунда элге акча берген болсом, парламентке келип, бизнесим үчүн коркуп, унчукпай отурмакмын да. Бирок менин бизнесим бар экенин элдин баары билет", - деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал мындай көрүнүш буга чейинки бардык президенттердин тушунда болуп келгенин белгиледи.
"Мен эмнеге кечирим сурашым керек? Трибунага чыгып алып кечирим сурасам, эл мунун күчкө салып, мажбурланган иш экенин түшүнмөк", - деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 24-ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Сурабалдиева УКМК тарабынан айрым депутаттарга кысым болуп жатканын билдирген. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбооруна каршы добуш бергени үчүн УКМК бир тууганына иш козгойм деп коркутуп жатканын айткан.
Андан соң УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиеванын айыптоосуна жооп берип, анын туугандарына таандык "Кудайберген" базары салыктарды толук төлөбөй, жашырып жатканын айткан.
Видео Майраш Базлакунованын ютуб каналынан алынды


1 |