Акжол Махмудов баштаган 4 кыргыз балбаны Болгарияда өтө турган мелдешке катышат (тизме)
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү Болгарияда өтө турган “Dan Kolov-Nikola Petrov” эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Спорт департаменти кабарлады.
Мелдеш 2-6-март күндөрү Болгариянын борбору София шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
1. Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм);
2. Амантур Исмаилов (67 килограмм);
3. Акжол Махмудов (77 килограмм);
4. Үзүр Жусупбеков (97 килограмм).
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.