Тажикстанда кайрадан кар көчкү түшүп, төрт киши көз жумду
Тажикстанда кайрадан кар көчкү түшүп, төрт киши көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазды.
Маалымдалгандай, Тажикстандын борбордук бөлүгү менен өлкөнүн түндүгүн байланыштырган Дүйшөмбү-Чанак унаа жолунда кар көчкү түшүп, анын астында адамдар бараткан унаа калды.
Анын кесепетинен унаадагы төрт адам ошол жерден каза болгон болсо, бир жаран ооруканага жеткирилген.
Буга чейин 13-февралдан 15-февралга чейин Тажикстанда 27 кар көчкү түшкөн. Натыйжада 15 адам каза болгон.
Кооптуу аймактардан 400дөн ашуун кожолуктун жашоочулары эвакуацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.