super.kg logo

Шоумен Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү экинчи адам кармалды

 
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шоумен Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектелип экинчи адам кармалды. Бул тууралуу 10-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, кармалган 33 жаштагы Элдияр Абдыбаитов Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. Ал 2010-жылы адам өлтүргөндүгүнө байланыштуу Өзгөн райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. 2011-жылы ал Чүй облусундагы жатак-колониялардын бирине которулган. Азыркы тапта мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушунун себептери такталууда.

Эске салсак, 13-ноябрда 1969-жылы Ысык-Көл облусунда туулган белгилүү тамада Бакыт Букаевдин сөөгү өзү жашаган батирден табылган. Күбө Нурдөөлөт Копоевдин айтымында, саат 18:00дө тааныштары чалып, Б.Букаевди таап берүүнү суранышкан. Ал ошол күнү бир кечеде тамадалык кылмак. Б.Букаевдин телефону өчүк болгондуктан, аталган күбө тамада жашаган батирге келген. Ачкычы бар болгондуктан батирге кирип, жансыз денени көргөн.  

 Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза маркумдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтып, анын моюну алды жагынан эки жолу кесилип, көкүрөгүнө эки жолу бычак сайылганы белгилүү болгон. Көкүрөгүндө чылымдын чогу басылган 5 так калган.

Кылмыш болгон жерден манжалардын издери, эки ашкана бычагы, кан болгон медициналык кол кап алынып, Бакыт Букаевдин сөөгү өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык, биологиялык жана медико-криминалисттик экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгында Бакыт Букаев ички органдарынан кан көп кеткендигинен улам каза болгондугу айтылган.Иликтөөлөрдө маркумдун батиринен Самсунг үлгүсүндөгү телефон, кара спорттук баштык жана ноутбук жоголгону белгилүү болгон. Мындан улам телефондогу сүйлөшүүлөр боюнча маалымат алууга жана уурдалган телефондун IMEI кодун аныктоого сот токтом чыгарган.Аталган факты боюнча 13-ноябрда Ленин РИИБи тарабынан "адам өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Атайын иликтөөчү топ түзүлүп, "тамада Бакыт Букаевди тоноо максатында өлтүрүшкөн" деген версия айтылган. 24-ноябрда тергөө иштеринин натыйжасында 1986-жылы туулган Худайбердиев Уланбек Турдибекович кармалган. Өзбекстандын Анжиян облусунда туулган жаран Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү №36-үйгө катталганы аныкталган. Буга чейин Орусияда уурулук үчүн соттолуп, 1 жыл 6 ай абакта отуруп, 24-октябрда Орусиядан депортацияланганы белгилүү болгон. Азыркы тапта баш коргоо чарасы менен 2 айга камалган.Ал эми Букаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган экинчи адам Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.12.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кочодогу байкуш селсаяктарга жуктоп, эптеп ишти жабыштын амалы болгондой корунот. Бул адамдар менен белгилуу адамды эмне байланыштырат?
Б.Букаевдин жакын-достору коп нерсени билип, айтпай жатышат. Балким, туурадыр. Козу отуп кеткен адамды оз жайына коюп, анын жашоосуна, жеке жашоосуна коп кирише бербейли.
Балдарына, тууган-жакындарына конул айтып, жыт чыгарып, куран окутуп коелу...
10.12.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanybek_kg, бул кабар Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргени боюнча жазылган.
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.12.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту админ менин жоноткон катыма жооп келбей жатат. Мен Кечээ ушул сандан окмот жооп берет рубрикасын окугам. Бугун таппай жатам. Окмот жооп берет рубрикасына суроону кайсыл дарекке узатсам болот.
10.12.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainabaz82, Саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп, тиешелүү министрликке сурооңузду жаңы тема ачып жазасыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: