super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте каратэ боюнча чемпионат өткөрүлдү (фото)

 

Бишкекте каратэ-ашихара боюнча чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Кыргызстандын Киокушинкай-Будо каратэ федерациясы менен биргеликте каратэ-ашихара боюнча Бишкек шаарынын чемпионатын өткөрдү.

"Иш-чаранын максаты – чемпионаттын эң күчтүү спортсмендерин жана жеңүүчүлөрүн аныктоо, Ашихара каратэсин жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, күжүрмөн маанайды жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу, моралдык жана физикалык бийик сапаттарды калыптандыруу болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Татамиге 40 салмак категориясы боюнча 240 жаш спортчу, ошондой эле 8 салмак категориясы боюнча 100дөн ашык чоңдор чыккан.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун - Бишкектин "Шиноби" клубдарынын курама командасы (12 алтын, 8 күмүш жана 9 коло медаль);
2-орун - Бишкек шаарынын "Каскад" спорт клубунун командасы (10 алтын, 7 күмүш жана 9 коло медаль);
3-орун - Бишкектеги "Годжу-Рю" спорт клубунун командасы (9 алтын, 6 күмүш жана 8 коло медаль).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: