super.kg logo

Санкт-Петербургдагы "Пулково" аэропорту жабылып асманга истребитель көтөрүлдү

 

Санкт-Петербургдагы "Пулково" эл аралык аэропорту учактарды кабыл албай дагы, жөнөтпөй дагы жатат. Мындай маалымат Санкт-Петербург шаарынын администрациясынын телеграм каналына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, "Пулководо" каттамдар 12 саатка чейин кармалууда. Ошол эле кезде аэропорт жана анын кызматтары штаттык режимде иштеп жатат. Аэропорттун убактылуу жабылуу себебинин расмий маалыматы айтыла элек.

Санкт-Петербургдун үстүндө абада жарандык учактар ​​жок. Шаардын үстүндөгү аба мейкиндиги жабык, алдын ала маалыматтар боюнча, белгисиз аппарат изделүүдө.

BAZA телеграм каналынын маалыматына караганда аэропорттун аба мейкиндигиндеги 200 чакырым радиус жабык. Абага истребителдер көтөрүлүп, чек арадан мыйзамсыз өткөн белгисиз объектти издеп жатышат.

Мындай сигнал менен бардык учактар ​​тез арада конууга же аймактан чыгып кетүүгө милдеттүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: