Дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун рейтинги: Кыргызстан канчанчы орунда?
Passport Index порталы дүйнөдөгү эң күчтүү жана таасирдүү паспорттордун тизмесин жарыялады. Анда Кыргызстан 68-сапта жайгашты.
Дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт Бириккен Араб Эмираттарынын жарандарына таандык. Бул мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим 123 өлкөгө ачык жана алар 58 өлкөгө гана виза тапшырышы керек.
Экинчи орунда Европанын 10 өлкөсү жана Түштүк Корея турат. Бул өлкөлөрдүн жарандары 129 өлкөгө визасыз кире алышат:
- Швеция;
- Германия;
- Финляндия;
- Люксембург;
- Испания;
- Франция;
- Италия;
- Нидерланды;
- Австрия;
- Швейцария;
- Түштүк Корея.
Кыргызстан бул тизмеде 68-орунга жайгашты. Биздин өлкөнүн жарандары 27 өлкөгө визасыз кире алышат. Бизден кийин эле Өзбекстан 69-орунда.
Ал эми Казакстан 54-орунга жайгашса, Тажикстан 71-орунга жайгашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
algakaray

01.03.2023. 10:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизден кийин эле Озбекстан 68 орунда???
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.