super.kg logo

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жашар кыз: Шектүүлөрдүн бири өмүр бою кесилди

 

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмүнө шектүүлөргө карата сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук сотунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кадамжай райондук соту шектүүлөрдүн бири Б.у.Э аттуу жаранды 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми дагы бир шектүү Г.Д.И. күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Эске салсак, 2022-жылдын 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары жалпысынан 4 жаран кармалган.

3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы СИЗОдо ушул кылмышка шектүүлөрдүн экөө асынып алган.

Президент бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун айтса, Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген. Аталган окуядан кийин зордукчуларга өлүм жазасын киргизүү маселеси парламентте да айтылган. Ал арада педофилдерди бычуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: