super.kg logo
  Спорт  

Көк-бөрү: Сейитбек Анарбек уулу Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы оор шартка кептелгенин айтып чыкты

 

Чүй облусунун көк бөрү боюнча "Сары-Өзөн" командасы оор шартка кептелди. Бул тууралуу команда капитаны Сейитбек Анарбек уулу билдирди.

Улакчынын айтымында, командадагы алдыңкы балдар башка командага кетип жатат. Ошондой эле ал Нооруз турнирине аз гана убакыт калса дагы, команда машыгууну баштай элек экендигин белгилеп, өзү Чүйдүн экинчи командасы болгон "Ак-Шумкар" командасына өткөнүн айтты.

"Урматтуу Сары-Өзөн тургундары, менин катталуучуларым, бүгүн бир сырды ачык чыгарууга туура келип турат. Мен "Сары-Өзөндүн" капитаны болуп аягына чейин турдум, бирок учурда команда оор шартка кептелди. Эртең марттын бири, Жогорку Лигадагы бардык командалар машыгууларын баштады. Тилекке каршы, биздин командадагы алдыңкы балдар башка клубдарга кетип, аттарыбыз дагы бүгүнкү күнгө чейин чогулбай турат. Ушундан улам турнирде канчалык деңгээлде атаандаштык көрсөтө алабыз деген маселе жаралды.

Бүгүнкү күндө Чүйдөн экинчи командабыз "Ак-Шумкардын" даярдыгы ирээттүү жүрүп жатат. Айтайын дегеним мен дагы терең ойлонуп, "Ак-Шумкар" жаштарынын катарын толуктайын деп чечтим. Чүй биригип күчтөнүп чыкпасак, эртең саны бар, сапаты жок болуп калчудай", - деп жазды ал.

Былтыр, 2022-жылдын 9-майында "Сары-Өзөн" командасы Жогорку Лиганын чемпиону болгон. Финалда бул команда Таластын белгилүү "Ынтымак" командасын жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.03.2023. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: