Түлөбаев Тажикстандагы этникалык кыргыздардын абалы оорлошуп кеткенин айтты
Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев Тажикстандагы этникалык кыргыздар маселесин көтөрүп, чек ара жаңжалынан кийин алардын абалы оорлошуп кеткенин билдирди.
"Тажикстандагы кыргыздар аябай катуу кыйналып жатыптыр. Биздин элчи же Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда жашаган кыргыздарга бир барып, эмне көйгөйлөрү бар экенин карап берсе... Өтө көп көйгөйлөр бар деп айтып жатышат. Аябай кыйналып жатабыз, келип сураган эч ким жок, чек ара чатагынан кийин да абал татаалдашып кетти деп телефон чалышууда. Биздин Тажикстандагы элчибиз барып, ошол жердеги эникалык кыргыздарды бир карап койбойбу", - деди Түлөбаев.
Белгилей кетсек, Тажикстандагы этникалык кыргыздардын көпчүлүгү Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда жашайт. Алардын так саны белгисиз. Акыркы маалыматтар караганда, Кыргызстанга Тажикстандан 30 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген жана алардын көпчүлүгү "Кайрылман" макамын алган.
Жогорку Кеңеш 01.03.23.


1 |