super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Тургун Арча-Бешикке каттаган автобустун санын көбөйтүүнү суранды

 

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылды. Ал коомдук транспорттун жетишсиздигин айтып, тиешелүү мекемеден көйгөйдү чечип берүүнү суранды.

"Биз Арча-Бешик конушунда жашайбыз. Конуштагы Ахунбаев көчөсү чоң болгонуна карабай бир дагы автобус же маршруттук такси жүрбөйт.

Ал эми №10 автобус Ахунбаев көчөсү менен Көк-Жарга чейин каттайт. Ал Ак-Өргөдөн эле толуп, Арча-Бешикке жеткенде жүргүнчүлөрдү албайт. Биз борбордук көчөлөргө жетүү үчүн Манас жана Ахунбаев көчөлөрүнөн маршрутту алмаштырууга туура келет. Автобустардын санын көбөйтүп берүүнү жана жаңы каттам ачууну суранабыз", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.03.2023. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу макул....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: