super.kg logo
  Саясат  

Иманалиев: "Балбак Түлөбаев бир чындыкты айтсам катуу сынып калат"

 

Балбак Түлөбаев бир чындыкты айтсам катуу сынып калат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев сөзүн жыйынтыктап жатып, Иманаливге кайрылып Балбак Түлөбаевге жакшы сөз айтып коюуну сунуштады.

"Айт десеңиз айтам. Балбак Зарлыкович да кыргыздын мыкты жигити. Бирок бир чындыкты айтсам катуу сынып калат. Мен өзүнө жекече барып айтам", - деди Иманалиев.

Ала арада Түлөбаев Иманалиевди айт деп демитти. Иманалиев айтмакчы болгондо, төрага Нурланбек Шакиев токтотуп калды.

Андан соң Каныбек Иманалиев жыйындан кийин күбөлөрдүн катышуусунда төраганын кабинетинен айтарын билдирди.

Ага чейини эл өкүлү Балбак Түлөбаев билим берүү министринин кызмат ордуна талапкерлиги каралып жаткан Каныбек Иманалиевге президенттик шайлоо учурунда атаандашы Садыр Жапаров тентектик кылып жатканын айтып, Ысык-Көлдүн акскалдарына "алып кеткиле балаңарды" деп билдирүү жасаганын эске салган. Мындан улам экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алган.






Жогорку Кеңеш 01.03.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: