super.kg logo

TikTok'ко жаңы чектөөлөр киргизилет

 

TikTok өспүрүмдөр үчүн колдонмону колдонуу убактысын күнүнө 60 мүнөткө чейин чектейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 18 жашка чейинки колдонуучуга таандык ар бир аккаунт автоматтык түрдө тиркемени күнүнө 60 мүнөт колдонуу менен чектелет. Уруксат берилген чектин аягында өспүрүмдөр социалдык тармакты колдонууну улантуу үчүн паролду киргизүү талап кылынат.

13 жашка чыга элек колдонуучулардын ата-энесине же жакындарына сыр сөз берилет. Эгер өспүрүмдүн аккаунтуна ошол сыр сөз жазылса кошумча 30 мүнөттүк видео көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Иштеп чыгуучулар "Үй-бүлөлүк жөндөмө" кошумча функцияларды кошот. Мисалы, жашы жете элек колдонуучулардын ата-энелери же камкорчулары каалаган мөөнөттү өз алдынча белгилей алышат. Ошол эле кезде ата-энелер TikTok эскертмелерин өспүрүмдөр үчүн график боюнча өчүрө алышат.

Учурда 13-15 жаштагы колдонуучулар саат 21:00дөн, ал эми 16-17 жаштагы өспүрүмдөр 22:00дөн баштап билдирмелерди ала алышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.03.2023. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жабыш керек тиктокту адамдар айбанга айланып баратат
02.03.2023. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаап эле салгыла жаштар болбой калды тик ток деп ар жерде кыйшандап
02.03.2023. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: