super.kg logo

"Аялым айдаганды билбейт да". Бишкектеги чуулгандуу жол кырсыктын дагы бир видеосу тарады

 

Социалдык тармактарда Бишкектеги чуулгандуу жол кырсыгы катталган жерде тартылган дагы бир видео тарады.

Видеодо унаанын үстүнө жабышкан бойдон кеткен эркек кишини көрүүгө болот. Ал аялы унаа айдаганды билбей тургандыгын айтты.

"Мен унаанын үстүндө болчумун, башым айланып кетти. Түз эле келсем аялым айдаган бойдон кетти, айдаганды билбейт да ал. Алдынан тоссом болбой, урган бойдон эле кетти", - деди ал.

Окуянын күбөлөрү анын мас экендигин айтышкан.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте Хонда Фит унаасынынын жол кырсыгына кабылган видеосу тараган. Видеонун авторунун айтымында унаада аялы менен күйөөсү уруша кеткен. Аялы унааны айдап бара жатканда унаанын үстүнө күйөөсүмүн деген киши жабышып, чыгып алган. Ушундай көрүнүш менен унаа бир нече аралыкка жүрүп барган.

Жыйынтыгында айдоочу унааны башкара албай, унаа жолдун жээгине чыгып, мамыга урунган. Унаадан кулап түшкөн эркек киши дароо аялды кубалап жетип, аны сабап баштайт. Аларды айланадагылар ажыратып калышкан.






Бишкектеги чуулгандуу жол кырсыктын дагы бир видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.03.2023. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: