super.kg logo

Ошто лицензия албай туруп "Ош сила" аттуу лотореяны ойнотуп келгендер аныкталды (фото)

 

Тиешелүү лицензия албай туруп, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында "Ош сила" аттуу профессионалдык лотерея ойнотушкандар аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында К.у.К. жана Б.М.А. аттуу жарандар "Лотереялар жөнүндө" мыйзам талаптарын бузуу менен Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында тиешелүү лицензиясын албай туруп, "Ош сила" аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштургандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы адамдарга Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берилген. Бирок белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай, лотереяны уюштурууну улантышкан.

Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн М-Банк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү YouTube каналы аркылуу көрсөтүлгөн.

Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда лотерея ойноочу унаалардан лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган.

Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2023. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баткен силаны да кармап кайра чыгардынар Бир жакшына эле оюн ойнотуп журот го же крышасы кучтуу бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: