super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев коррупционер, чыккынчы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарды жоопко тартуунун мөөнөтү эскирбей турган мыйзам долбоор сунуштап жатат

 

“2003-жылы “Кумтөр” боюнча пайдасыз келишим түзүүгө күнөөлүү адамдарды жоопко тартуунун мөөнөтү жакында, 31-декабрда бүткөнү турат. Анткени азыркы мыйзам боюнча өзгөчө оор кылмыш кылгандарды жоопко тартуунун мөөнөтү 10 жыл. Буга жол бербеш үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор сунуштап жатабыз”.  

Муну бүгүн, 10-декабрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев айтты. Депутат билдиргендей, сунушталган мыйзам кабыл алынып калса, коррупция, чыккынчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу кылмышына күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу мөөнөтү жоюлат. 

“Азыр Кыргызстанда өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жыл. Бир гана жашы жете электерге жыныстык зомбулук жасагандар үчүн 15 жыл деп белгиленген. Орусия, Тажикстан, Өзбекстанда өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 15 жыл. Нидерландыда 18 жыл, башка өнүккөн өлкөлөрдө бул чек 35 жылга чейин жетет”,- деди Текебаев.

Мыйзам долбоору комитетте биринчи окууда колдоо тапты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: