super.kg logo
  Саясат  

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү президентке кайрылууну сунушташууда

 
Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү кеңештин айланасында пайда болгон кырдаалга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевге кайрылууну сунушташууда. Мындай билдирүү кеңештин бүгүн, 10-декабрда өткөн жыйынында айтылды. 
Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн президентке кайрылуусуна соңку кездерде ажого кеңештин ишмердиги тууралуу туура эмес маалыматтар жетип жаткандыгы себеп болгон дешет.
Кеңеш мүчөлөрүнүн айтымында, айрым адамдар аларды сотторду тандоодо акча алып жатат деп күнөөлөй баштаган. 
Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев бүгүн (10-декабрь), күндүн экинчи жарымында президент катышкан “Сот системин реформалоо” боюнча жыйын өтөрүн, анда кеңеш мүчөлөрүнүн кайрылуусун президентке жеткирерин кабарлады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: