Кыргызстандан Орусияга 17 тонна насвай алып бара жаткан фура артка кайтарылды
Кыргызстандан Орусияга насвай ташып бара жаткан унаа чек арадан өткөрүлбөй, артка кайтарылды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаа "Бугристое" постунан токтотулган. Унаа Кыргызстандан Челябинскке Казакстан аркылуу бара жаткан. Документтерге ылайык, унаага 500 кап жыгач күлү жана чийки тамеки жүктөлгөнү көрсөтүлгөн. Бирок бажычылар унаада насвай жүктөлгөнүн аныкташкан.
Жүк ташуучу унаада 17 тонна насвай болгон, аны бейрасмий түрдө 25 миллион рублга сатууга болот.
Жыйынтыгында унаа чек арадан өткөрүлбөй, артка кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.