super.kg logo

Салык баанын өсүшүнө кандай таасир этет? Акылбек Жапаровдун түшүндүрмөсү (видео)

 
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлерди салык төлөөгө милдеттендирүү баанын жогорулашына таасир этпей турганын билдирди.
Өкмөт башчы "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде баа кантип аныкталары жана андагы салыктын үлүшү тууралуу айтып берди.
"Товардын өзүнүн баасы, транспорттук чыгымдар, сактоого, маяна төлөөгө корогон акча жана салык бар. Ушунун баарына ишкер өзүнүн кирешесин кошот. Ошентип баа аныкталат. Салыктын үлүшү кичинекей эле, ошону төлөбөй жатышат да. Ар бир жаран бекер эч нерсе алып жаткан жок. Калем сап, нан, семечка болобу ошонун ичинде кичине да болсо салык бар. Ошол кичинекей салыкты бюджетке төлөп коюңуздар деп жатабыз", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал баа валюта курсу өссө, күйүүчү май кымбаттаса, соодагер товардын үстүнө көп акча кошсо көтөрүлөрүн айтып, салык баага катуу таасир бербей турганын белгиледи.





Видео: Ала-Тоо 24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: