Акылбек Жапаров 2008-жылдан бери бир дагы жаңы салык киргизилбегендигин айтты
Өлкөдө 2008-жылдан бери бир дагы жаңы салык киргизилген жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде билдирди.
Өкмөт башчы ошол учурда киреше менен пайда салыгы 10 пайыз болсо азыр деле ошол бойдон калганын жана кошумча нарк салыгы дагы өзгөрүүсүз 12 пайыздык ченде калганын белгиледи.
"2008-жылы салыктын сегиз түрү бар болчу. Азыр тескерисинче, жер салыгын президент Садыр Жапаров үч жылга чейин алып койду. Бир дагы салык өзгөрүлгөн жок. Эгер салык өзгөрбөсө, анда акча кайдан түшө баштады? Азыр санариптештирүүнүн артынан товарды ким алып келип, сатып жатканын баарын көрүп жатабыз. Фискалдык саясат туура жүргөндүктөн, салыкчылар жана укук коргоо органдарынын мыйзам чегинде иштегиндиктен акчанын баары бюджетке түшүүдө”, - деди Жапаров.
Видео: Ала-Тоо 24




1 |