"Оор кырдаалдар күчтүүлөрдү жаратат". Валентина Шевченконун жеңилүүдөн кийинки кайрылуусу

“Колдооңуздар үчүн баарыңыздарга рахмат! Ар бириңерди баалайм! Жакшы да, кыйын да кезеңдерде мени менен болгонуңар үчүн рахмат! Оор кырдаалдар күчтүүлөрдү жаратат. Кармаш искусствосу менен жашоом жана мен мурдагыдан да күчтүү болуп, тез арада реванш менен кайтып келем. Кармаш катаны кечирбейт. Үстөмдүк кылып баратып жеңилип калганда көңүлүң өзгөчө ооруйт. Эч кандай актануу болбойт, болгону талыкпай машыгуу гана керек. Баарын кайрадан баштаганга даярмын. Баарыңарды жакшы көрөм", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, 5-мартта UFC уюмунун жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргоо үчүн мексикалык Алекса Грассо менен таймашкан. Грассо 4-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.