super.kg logo

Орусиянын коргоо министри Шойгу Мариуполго барды (фото)

 

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Мариуполь шаарына барып, куруучулардын иши менен таанышты. Мындай маалымат Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Шойгу ошондой эле сапарынын алкагында курулуп жаткан жана пайдаланууга берилген объектилердин даярдыгынын деңгээлин текшерди. Сапар качан болгонун министрлик тактаган жок.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Шойгу көп функционалдуу медициналык борборду, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу борборун жана беш кабаттуу 12 турак жайдан турган жаңы кичи районду кыдырды. Мындан тышкары шаарда Орусиянын федералдык медициналык-биологиялык агенттигинин комплекси, тогуз кабаттуу алты турак жайдан турган кичи район, мектептер, бала бакчалар курулуп жатат.

2022-жылдын августунда Орусиянын Курулуш министрлиги Мариуполду үч жылдын ичинде калыбына келтирүүнү пландаганын жарыялаган. Шаар мэри Олег Моргун 400дөн ашык имарат бузула турганын, бузуу иштери 2023-жылы баштала турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: