super.kg logo

Бишкектин борборунан кымбат жерди басып алган адамдар кармалды

 

“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган. Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.

2023-жылдын 6-мартында бул адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, шаар куруу жана архитектура кызматтарынын айрым кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында имараттардын архитектуралык ансамбли бузулуп, материалдык гана зыян келтирбестен борбордун эстетикалык көрүнүшү да бузулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: