super.kg logo

Түндүк Корея АКШны чыңалууну күчөтүүдө деп айыптады

 

Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгууларын сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги АКШны Түштүк Корея менен биргелешкен аскердик машыгууга B-52 бомбалоочу учагы менен катышканын сынга алып, атайын чыңалууну жаратты деп айыптады.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Е Чен өз билдирүүсүндө Пхеньяндын сыноо ракеталарынын бирин атып түшүрүү аракети согуш жарыялоо катары караларын эскертти. Ал ошондой эле Түндүк Корея Тынч океанга дагы ракеталарды учурушу мүмкүн экенин кыйытты.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Вашингтон Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык коркунучтарына каршы күч көрсөтүүнүн алкагында союздашы Сеул менен биргелешкен машыгууларга B-52 бомбалоочу учагын жайгаштырганын билдирди. Белгиленгендей, В-52 бомбалоочу учактары өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: