super.kg logo

Министр мугалимди шылдыңга алган окуучуга: "Чемпион болом десең мен сага жардам берем"

 
Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз? Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкектеги №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясына барган учурунда айтты.
Белгилей кетсек, аталган мектептин окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видеосу интернетке тараган болчу. Буга байланыштуу министр окуучу жана мугалим менен жолугушту.
Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди.
Министр жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өтүүнү тапшырды.
"Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?!" - деди министр.
Ошондой эле министр кайсы окуучу жакшы эжей, мектеп, билимдин баркы жөнүндө ролик жасаса, окуучуларга атайын сыйлык бере тургандыгын кошумчалады.
Аталган билим берүү мекемесине Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова дагы барды.





dsada

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: