super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба министри президентке отчёт берди. Анда эмнелер айтылды?

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекет башчыга министрликтин учурдагы иштери жана кезектеги жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берилди.

"Аскарбек Жаныбековдун отчёту боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен агро өнөр жай тармагындагы дүң продукциянын өсүшү 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга ашык болду.

Дыйкандарга сертификацияланган үрөндөрдү таратуу жана аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча жетиштүү иштер аткарылган.

Күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы топтолуп, дыйкандарга арзандатылган баада сатылууда. Лизингге берилчү айыл чарба техникасынын санынын көбөйүшү күтүлүүдө. Сугат каналдарын тазалоо жана оңдоо боюнча ирригациялык иштер башталды, анын эсебинен нымдын королушун азайтуу жана ошого жараша сугат талааларын сугаруунун көлөмүн көбөйтүү пландаштырылууда.

Деградацияга учураган тоолуу жайыттарды калыбына келтирүү боюнча узак мөөнөттүү иш-чаралар белгиленген. Мындан тышкары, Жер жана Суу кодекстерин жаңы редакцияларын иштеп чыгуу активдүү жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Айыл чарба министри ошондой эле ата мекендик агропродукциясын экспорттоо көлөмү көбөйүп, тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жакшырганын белгиледи.

Садыр Жапаров жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү насыялар менен өз убагында камсыз кылуунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Ошондой эле учурда акча каражаттарын башка максаттарга берүү сыяктуу коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтып, министрге жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: