"Ыйлатып көчөдө калтырган жоксуз". Үйү түрттүрүлгөн келин президентке ыраазычылык билдирди
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотовага жаңы үй курула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, келинге кайрадан үй салып берүүнү президент Садыр Жапаров тапшырган.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиздин тапшырмаңыз менен бүгүн үйдү куруу иштери башталууда. Сизге чоң рахмат! Сизди президент кылган Кудайыма чексиз шүгүр! Мени ыйлатып көчөдө калтырган жоксуз. Майрам күнү толкунданып, кубанып турам. Мага чоң белек болду. Сизге чоң рахмат!" - деди Шаболотова.
Эскерте кетсек, Бишкектин чет жакасындагы Ак-Ордо-3 конушунун Марал Шаболотова аттуу тургунунун үйү 1-мартта түрттүрүлүп, аял балдары менен көчөдө калган видео социалдык тармактарга тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен.
Президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан. Мамлекет башчысы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.
Мындан сырткары Садыр Жапаров 6-мартта жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды.
Ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 27-пункту жокко чыгарылды.
Ак-Ордо конушундагы төрт балалуу келинге жаңы үй курула баштады
