"Көргөндү суктандырат". Прокурорлор 8-мартка карата клип тартышты (видео)
Башкы прокуратуранын кызматкерлери айымдарды энелерге арналган ыр ырдап куттукташты. Алар ар кайсы кесипти аркалаган айымдарга роза гүлүн беришкенин көрүүгө болот.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев бардык айымдарды жаз менен эриш-аркак келген 8-март майрамы менен куттуктады.
Зулушев бул күн аалам ажары болгон аруулуктун ээлери - айымдардын, улут уңгусун сактаган, өчпөс коломтонун ээси - энелердин, үйдүн куту - жароокер жар, дүйнөнүн туткасын кармаган асылзат айымдардын майрамы экенин белгилеген.
"Биздин айымдар Каныкей энебиздин акылмандыгын, Жаңыл Мырзанын каармандыгын, Курманжан Датканын кайраттуулугун боюна сиңирген. Тарыхыбыздын эң татаал учурларында сиздердин ишенимиңиздер, үмүтүңүздөр күчүбүзгө күч кошуп, элибизди жаркын келечекке багыттаган. Сиздер үйдүн, мекендин, тирүүлүктүн кутусуздар!
Кадырман энелер! Ардактуу эже-карындаштар! Ар дайым адамзатынын кѳчүн улап, жашообуздун маңызы болуп жүрө бериңиздер! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Майрамыңыздар менен куттуктайм!" - деп айтылат баш прокурордун куттуктоосунда.
Башкы прокуратуранын кызматкерлери айымдарды энелерге арналган ыр ырдап куттукташты
