Эркин соода аймагы жөнүндө келишим ратификацияланды
2013-жылдын
9-декабрында президент Алмазбек Атамбаев “2011-жылдын
18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Эркин соода аймагы жөнүндө
келишимди ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам 2013-жылдын 14-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган болчу.
Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жоболорду Кыргызстандын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган, КМШнын Аткаруу комитетине кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

