super.kg logo

Бишкекте соттун чечими менен дагы бир бүлө үйүнөн ажырады (видео)

 

Социалдык тармакта үйүнөн чыгарылып жаткан дагы бир үй-бүлөнүн видеосу тарады. Анда бир нече милиция кызматкерлери үй ээлерин сыртка чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми үй ээлери соттун чечими мыйзамсыз болгонун айтып, милиционерлерге тоскоолдук кылууга аракет кылып жатканына күбө болууга болот.

Үй ээсинин уулу Кубандык Камалов окуя боюнча SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"2011-жылы апам Назира Барпиева деген эжеден насыяга 50 миң сом акча алган. Ай сайын 2000 сомдон төлөмөй болгон. Бирок төлөй албай калган айларына пайыз кошуп, апамды көп сумага карыз кылып койгон. Негизги сумманы төлөп бүткөндөн кийин, биз Орусияга кеткенбиз. Ал жактан 4 жылда кайра кайтып келгенбиз. Назира Барпиева апам жазбаган тил каттын негизинде, сотко кайрылып, 574 миң сом карыз экенин айтып, аны өндүрүп берүүнү суранат. Бул сумманы төлөтүү үчүн сот биз жашап жаткан үйдү аукционго коюп, аны 1 миллион 273 миң сомго баалайт. Бирок үй сатылбай калганына байланыштуу ашыкча сумманы апамдын атына депозитке салып коюп, үйдү өздөрүнө алууну чечишет. Мындан улам соттун чечимине таянып, бизди үйүбүздөн чыгарып коюшту. Үйдө жалпы 9 киши жашачу элек. Азыр кошунабыздын үйүндө күн кечирип жатабыз", - дейт Кубандык Камалов.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы оюн угуп, чагылдырууга даяр.

Эске салсак, буга чейин үйүнөн айрылып 4 баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотованын окуясы өлкө президентине чейин жетип, бир катар жетекчилер да кызматтан кеткен.Эненин үйү соттун чечиминин негизинде ушул жылдын 1-мартында түрттүрүлгөн.

Окуя социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратып, жергиликтүүлөр бийликтин жогорку бутагына кайрылып, кырдаалга адилет чечим чыгарып берүүнү суранышкан. 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, окуянын чоо-жайы менен таанышкан. Анын жыйынтыгында кечээ, 8-мартта мамлекет башчынын тапшырмасы менен өкмөт аларга үй сала баштаган.






Соттун чечими менен дагы бир үй-бүлө турагынан ажырады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: