super.kg logo

Ошто мурда соттолгон жарандар алдамчылыкка шектелип кармалды

 
Ош шаарында мурда соттолгон жарандар алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Ош ШИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Ж.А. жана 1993-жылы туулган М.М. аттуу жарандар кармалышты. Алар Ош шаарынын аймагынан февраль-март айларында "убактылуу жашаганга батир беребиз" деп жарандарды алдап, 6 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейинки акчаларын алдын ала алышып, из жашырып жүрүшкөн.
"Батир издеген жарандарды түрдүү рекламалык сайттардан, гезиттерден таап, өздөрү батир сунушташкан. Алдын ала акчасын алган соӊ түрдүү даректерден ачкычты алууну айтышып, изин жашырып кетишкен. Мисалы, жабырлануучу бир аялдан 13 миӊ сом алган соӊ үйдүн ачкычын дүкөндө иштеген сатуучуга берип койгондугун, барып алып, үйгө кире берерин айтып алдаган", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө бул кылмыштуу топтон жабыркаган 6 жабырлануучудан арыз келип түшкөн. Шектүүлөр 7-мартта кармалышып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция бул жарандардан жабыркагандар болсо 102 жана 0554-41-02-02 телефондоруна байланышка чыгып коюуну өтүнөт.
"Убактылуу батир алууда өтө сактык менен мамиле жасап, батир берүүчү адам жана батир тууралуу толук маалымат алган соӊ гана акчаларын бериӊиздер! Батир берүүчү болуп, алдап кетишкен шылуундардан сак болуӊуздар!" - деп кошумчалады милициядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: