Кыргызстан – Польша өкмөттөрү ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
9-декабрда президент
Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын
6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлери
үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”
КРнын мыйзамына кол койду.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 14-ноябрында кабыл алган болчу.
Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жоболорду Кыргызстандын аткаргандыгы жөнүндө Польша тарапка кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

