super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар президентти Ош облусунун башчысына чара көрүүгө чакырды

 

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып, чара көрүүнү талап кылышты.

Эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу ал Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайындагы Токой чарбасына караштуу жерди үйү менен кошо 2021-жылы өзүнүн бир тууган агасына каттатып алганын айтты.

"Мындан сырткары Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жин-Жиген тилкесиндеги 181 гектар жерди, анын ичинен беш гектарын мөмө-жемиш эгем деп каттатып алыптыр. УКМК, прокуратура ушуларды текшерип чыгышын талап кылам. Мен Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башкаларын айта элекмин", - деди Коргонбай уулу.
Ошондой эле ал айыл өкмөттөрдөн баштап мектеп директорлоруна чейинки кадр маселесине киришип жатканын кошумчалады.
"Ушуга окшогон кадрлар өлкөнү артка тартып жатат. Элдин нааразычылыгы ушундайдан улам келип чыгат. Өмүрүндө бир күн да бизнес жасабаган президенттин ири облустагы өкүлүнө ушунча жер, мүлккө ээлик кылганы моралдык жактан уят нерсе", - дейт эл өкүлү.
Буга улай депутаттар Эмил Жусупов, Алишер Козуев, Надира Нарматова, Кундузбек Сулайманов да бир топ арыздануулар түшкөнүн, Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын айтып жана ага карата чара көрүүгө чакырды.





Жогорку Кеңеш 09.03.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: