super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Мындай маалымат Өзбекстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында Акылбек Жапаров Мирзийоевге өлкө башчы Садыр Жапаровдун саламын айтты. Жолугушууда ошондой эле үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкекте жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелери каралды.

Өзбек-кыргыз ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө, экономика, соода, энергетика, транспорт жана логистика жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле аймактар ​​аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алмашууну арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Автоунаа өнөр жайындагы кооперация долбоорлорун тез арада ишке ашыруунун, биргелешкен пахта-текстиль кластерлерин түзүүнүн, электр приборлорун өндүрүүнүн, ошондой эле пайдалуу кендерди биргелешип иштетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу талкууланып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун активдүү даярдоо зарылчылыгы баса белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: