"Террористтик топтун мүчөсү болгон". Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Орусиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган. Кармалган жаран жасалма паспорт алып, андан кийин Сириядагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда УКМК тарабынан М.И.М.нын Кыргызстандын аймагындагы шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.