super.kg logo

"ККМ боюнча өкмөттү чогултам". Президент Нарында эл менен жолугушуу өткөрдү (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук администрациянын имаратында өткөн жумушчу жыйын аяктагандан кийин мамлекет башчы ал жакта чогулган адамдар менен жолугуп, баарлашты.

Жергиликтүү тургундар тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелер көтөрүлдү.

Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу биринчи кезекте ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана республикалык бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын, бул жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.

Көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, президент Жапаров аларды приоритеттүүлүгү менен чечүүнү тапшырды.






Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: