super.kg logo

9-класстын окуучусу менен жыныстык катнашка барган жаран кармалды. Кыздын атасы зордуктоо болгонун айтат

 

Жалал-Абадда 9-класстын окуучусу менен жыныстык катнашка барган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу тарап 8-февралда Ала-Бука РИИБине арыз менен кайрылган. 9-февраль күнү Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде Ала-Бука районунун тургуну 1997-жылы туулган А.Д. кармалып, 2 айга камакка алынган.

Милициядан билдиргендей, аталган жаран 2022-жылдын 2-декабрь күнү саат 7:30 чамасында 2007-жылы туулган кыз менен жыныстык катнашта болгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-мартта "Turmush" басылмасы Ала-Бука районунун тургуну 9-класстагы кызы 26 жаштагы айылдашы тарабынан зордукталганын, милиция ишти жеткиликтүү карабай жатканын билдиргенин жазып чыккан. Анда окуучу кыз сабакка бара жатканда зордуктоого кабылганы айтылат.

Кыздын атасынын айтымында, шектүү "эгерде бул жөнүндө бирөөгө айтсаң, өлтүрүп кетем" деп коркуткандыктан кызы эч кимге айткан эмес. Кыздын курбусу шектүүнүн тууганы болгон жана шектүү окуядан бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин мас абалында ага айтып койгон.

Курбусу мектептеги соцпедагогго айтып, мугалим кыздын ата-энесин чакырган. Ошол жерден окуя ачыкка чыгып, кыз коркконунан эч кимге айтпай жүргөндүгүн билдирген. Ошондой эле ал окуя маалым болгон соң, 7-февралда милицияга арыз жазышканын айткан.

Кыздын атасы кызы айтып берген маалымат менен милиция карап жаткан материалдагы маалымат таптакыр башка экенин айтып, окуя өзгөртүлүп жатканын белгилеген. Ал иш "Зордуктоо" беренеси менен козголушу керек деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: