super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьерине куттуктоо катын жолдоду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянга жогорку кызматка дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Сиздин жетекчилигиңиз менен Мамлекеттик кеңеш Кытайды социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө жана эл аралык аренада аброюн жогорулатууда чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем. Кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча жылдан жылга ырааттуу бекемделип жаткандыгын кубануу менен белгилейм.

Кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелеринин бардык комплексин мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн сиз менен биргеликте ишти улантууга даярдыгымды билдирем.Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизди Кыргызстанга өзүңүзгө ыңгайлуу убакта расмий сапар менен келип кетүүгө чакырам”, - деп айтылат куттуктоодо.

Акылбек Жапаров Ли Цянга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ошондой эле мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: