Исманкуловдун клиникасын шаардык оорукананын имаратынан чыгарып салышты (видео)






Бишкекте Алмазбек Исманкуловго таандык "Көз микрохирургиясы" ооруканасынын имараты бошотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иштеп жатат.
"Бир күн мурда муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.
Видеодон клиникага вице-мэр Нурдан Орунтаев барып бошотушун талап кылганын көрүүгө болот. Бирок жетекчилиги келишимдин мөөнөтү бүтө электигин айткан. Орунтаев ага келишим токтотулганын билдирип, өзү менен келген ондогон адамга буюмдарды сыртка чыгарууну буюрган.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган оорукананын имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө болбой тургандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабай, ижара акысын атайлап азайтуу менен мыйзамсыз берилип, мамлекетке 93,2 миллион сом зыян келтирилгени айтылган.
Бул факт боюнча 9-февралда Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.
Бишкекте "Көздүн микрохирургиясы" ооруканасынын имараты бошотулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.