Чүйдө Mazda 626 унаасын айдап качканга шектүү кармалды
Чүй облусунун Чүй айылында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 10-мартында К.Д. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү Чүй айылынын Заречная жана Бурана көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Mazda 626 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз тарапка айдап качып кетишкен адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катарында мурда соттолгон 1972-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.