super.kg logo

"Алп кыз". Казакстанда салмагы 7 килограммга жакын наристе төрөлдү

 

Казакстандын Костанай облусунда 6,7 килограмм салмактагы алп кыз төрөлдү. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, ымыркайдын бою 69 сантиметр.

"Салмагы нормадан ашкан ымыркайларды дарыгерлер "алп ымыркай" деп аташат. Акушердик практикада 6 килограмм жана андан көп салмакта төрөлүү өтө сейрек кездешет", - дешет дарыгерлер.

Дарыгерлердин айтымында, мындай алп бала биринчи жолу төрөлүп жатат. Апасына кант диабети деген диагноз коюлган.

Кош бойлуулугу оор болгон энени дарыгерлер кесарево жолу менен төрөтүшкөн. Ал эми жаңы төрөлгөн ымыркай эки күн жандандыруум бөлүмүндө жаткан. Азыр анын өмүрүнө коркунуч жок. Эненин жана баланын ден соолугу жакшы.

Ымыркайга Айару деген ысым ыйгарылган. Айрым басылмалар анын апасы 24 жашта экенин, үй-бүлөдөгү алгачкы наристе экенин жазышты. Ал эми кээ бир басылмалар анын үй-бүлөдө үчүнчү бала экендигин жазышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: