Садыр Жапаров МАИ кызматкерлерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Бул чечим жол кыймылы эрежелерин бузуунун айрым түрлөрү үчүн айып пул өлчөмү көбөйтүлгөн тиешелүү мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу кабыл алынды.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлеринин арасында коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн ушул мыйзамдын талаптарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл.
Ошондой эле айдоочулар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди", - деп билдирди Султанбаев.
Ошону менен бирге президент Жапаров жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер тарабынан пара талап кылуу фактылары болсо, жарандарды ачык айтууга чакырат.
"Абийирсиз кызматкерлердин бардыгына тийиштүү чаралар көрүлөт", - деп кошумчалады Султанбаев.
Белгилей кетсек, 8-марттан тарта айдоочуларга айып пулдун суммасы жогорулаган. Мындан улам коомчулук бул МАИ кызматкерлеринин арасында коррупцияны күчөтөрүн айтып жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

